Трамп Путин менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу: «Эми баары Зеленскийден көз каранды»

АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Fox News телеканалына маек берип, тараптар “макулдашууга жетүүгө бир топ жакын” экенин жана эми бул келишимге Украина макул болушу керектигин айтты. Бул тууралуу Медуза басылмасы жазды.

«Эми баары чындыгында эле президент Зеленскийден көз каранды болуп калды — ишти аягына чыгаруу үчүн. Европа өлкөлөрү да бир аз катышышы керек болот, бирок бул негизинен Зеленскийге жараша», — деди Трамп.

Ал жолугушуудан кийин билдирүү кылгандай, бул макулдашуунун так мазмунун ачык айткан жок. Журналист анын мазмуну «аймактарды алмашуу» жана Украинанын коопсуздугуна байланыштуу НАТО менен байланышпаган кепилдиктерди камтыйбы деп тактап сураганда, Трамп бул туура экенин ырастаган жооп берди.

Ошондой эле ал сүйлөшүүлөрдү эске алуу менен азырынча жаңы санкциялар тууралуу «ойлоно турган зарылчылык жок» экенин айтты. «Балким, эки-үч жуманын ичинде бул тууралуу ойлонуш керек болуп калат, бирок азыр эмес», — деди ал.

Украина президенти Володимир Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө жолугарын билдирди. Бул тууралуу ал алардын телефондон сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында маалымдады. Жолугушуу дүйшөмбү, 18-августта өтөт.

Зеленский Трамп менен сүйлөшүүсүн «узак жана мазмундуу» деп мүнөздөдү. АКШ президенти ага Орусия президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат берген. Сүйлөшүүнүн акыркы бөлүгүнө Европанын айрым лидерлери да кошулган. Зеленский ошондой эле Киев Украина, АКШ жана Орусия лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусун өткөрүүнү колдоорун белгиледи.

Axios басылмасынын журналисти Барак Равид булактарына таянып жазганына караганда, сүйлөшүү учурунда Трамп Путин убактылуу ок атышууга эмес, толугу менен тынчтык келишимине жетишүүнү каалап жатканын билдирген. Булактын айтымында, Трамп өзү да бул позиция менен макул экенин айткан.