Трамп сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча күнөөлүү деп табылды. Эми ал 5 миллион доллар төлөп бериши керек

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп журналист жана жазуучу Элизабет Жин Кэрроллго сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча күнөөлүү деп табылды. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

Ал соттун чечими менен 5 миллион доллар төлөп бериши керек. Бул АКШнын экс-президентинин сексуалдык ыдык көрсөтүү боюнча күнөөлүү деп табылган биринчи учуру.

Кэррол биринчи жолу 2019-жылы бул окуя тууралуу айтып берген. Өз китебинде 1996-жылы Трамп аны кийим бөлмөсүндө зордуктаганын жазган. Трамп муну четке кагып, 9-майдагы өкүмдү “уят” деп атады.