АКШнын президенти Дональд Трамп жарандыгы жоктор үчүн федералдык жеңилдиктерди жокко чыгарарын, ал «ички тынчтыкка доо кетирүүчү» мигранттарды өлкөдөн чыгарарын жана «жүк, коопсуздукка коркунуч келтирген адамдарды депортациялай турганын» билдирди. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык түйүнүндө жазды.
Эске салсак, 26-ноябрда түштөн кийин Ак үйдөн эки квартал алыстыкта 29 жаштагы ооган жараны Рахманулла Лаканвал АКШнын Улуттук гвардиясынын аскерлерине ок чыгарган. Эки жоокер жаракат алып, бирөө башынан жарадар болгон. Ок аткан адам да жарадар болгон. Жергиликтүү жана федералдык бийликтер ок атууну максаттуу чабуул деп атап, шектүү адам кармалганын кабарлашты.
АКШнын Коргоо министри Пит Хегсет буга чейин Трамп окуядан кийин борборго Улуттук гвардиянын кошумча 500 аскерин жайгаштырууга буйрук бергенин жарыялаган.
27-ноябрда болсо Reuters агенттиги Вашингтондогу атышуудан кийин АКШ ооган жарандарынын жарандык алуу жана убактылуу баш коргоо боюнча бардык арыздарын токтотконун кабарлады.










