Трампка ок чыгарган адам 20 жаштагы Пенсильваниянын тургуну болгону ырасталды

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трампка ок чыгарган адам 20 жаштагы Пенсильвания штатынын тургуну Томас Мэттью Крукс болгонун укук коргоо органдары ырастаганын дүйнөлүк басылмалар жазышууда. Анын мындай кылмышка баруу мотиви аныктала элек, тергөө иштер жүрүп жатат.

Томас Мэттью Крукс талапкер сүйлөп жаткан трибунадан 130 метр алыстыктагы имараттын чатырына көтөрүлгөн жана «AR» мылтыгынан ок чыгарган. Кол салуудан кийин ал жашыруун кызмат тарабынан атып өлтүрүлдү.

Дональд Трамп кол салуудан кийин билдирүү таратып, ал тез реакция үчүн атайын кызматка ыраазычылык билдирди. «Митинг учурунда өлтүрүлгөн адамдын үй-бүлөсүнө көңүл айтам. Мындай окуя биздин өлкөдө болгону таң калыштуу. Мага чыгарылган ок оң кулагымдын үстүнкү жагына тийип өттү. Мен ышкырыкты, ок атышууну угуп, ок теримден өткөнүн сездим. Катуу кан ага баштаганда гана эмне болуп жатканын түшүндүм», — деп жазылат талапкердин кайрылуусунда.

Кол салуудан кийин Жо Байден соцтармактагы баракчасына Трамптын коопсуздукта экендигин жана анын абалы жакшы экенин укканына кубанганын жарыялады.

АКШнын президенттигине талапкер Дональд Трамп кечээ, 13-июлда саат 18:08де Пенсильванияда мыйзамсыз иммиграцияга каршы сүйлөп жаткан учурунда кол салууга дуушар болду. Адегенде, төрт ок чыгарылып, мындан кийин саясатчы трибунанын артына жашырынууга үлгүргөн. Кийин атайын кызматтын өкүлдөрү жана жансакчылар коштоосунда аянттан чыгып кеткен. Ок атышуудан митингге келген бир адам каза болгон, дагы эки кишиге ок тийип, алардын абалы оор экендиги маалымдалды.