Трамптын атаандашы Харрис шайлоодо утулуп калгандан кийин кайрылуу жасады

АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер жана азыркы вице-президент Камала Харрис шайлоодо утулуп калгандан кийин Вашингтондогу Ховард университетинде биринчи кайрылуусун жасады. Бул тууралуу CNN жазды.

Харрис колдоочуларына, командасына, жолдошуна жана президент Жо Байденге колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, жарышка катышканы үчүн абдан сыймыктанарын айтты.

Вице-президенттин айтымында, ал буга чейин Дональд Трампка телефон чалып, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп берүү процессинде ага колдоо көрсөтүүгө убада берген.

«Эгер биз шайлоодо утулуп калсак, жыйынтыгын кабыл алуу Америка демократиясынын негизги принциби»,- деди ал. Харрис ошондой эле америкалыктар бир президентке же партияга эмес, АКШнын Конституциясына берилгендигин баса белгиледи.