Лас-Вегаста Tesla Cybertruck унаасы Дональд Трампка таандык мейманкананын жанында жарылды. Ичиндеги адам каза болуп, окуя болгон жерде дагы жети адам жеңил жаракат алган. Бул тууралуу DW жазат.
Электромобилдерди чыгарган компаниянын ээси миллиардер Илон Маск X социалдык тармагына жарылуу унаанын техникалык мүчүлүштүгүнөн эмес, анын ичиндеги пиротехникалык заттардан же бомбадан болгонун белгиледи. Ал бул окуяны Жаңы Орлеандагы жүк ташуучу унаа элди тебелеп кеткен кырсык менен байланыштырды. Масктын айтымында, эки унаа тең Turo кызматы аркылуу ижарага алынган.
Байден атайын кызмат бул окуялардын байланышы бар-жогун иликтеп жатканын билдирди.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болгон. Кырсык болгон учурда балдардын ата-энеси...
Астанада автобус кырсыгынан оор жаракат алган кыз тууралуу маалымат жарыяланды. Кыз учурда ооруканада, анын эки буту кесилген. Бул тууралуу Tengrinews.kz...
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...