Трамптын тарапташын өлтүрүүгө шектүүнүн сүрөтү жарыяланды

Юта штатында Дональд Трампты колдогон консервативдик активист Чарли Киркти өлтүрүүгө шектелген адамды издөө иштери уланууда. BBC’нин маалыматына ылайык, 31 жаштагы Turning Point USA уюмунун негиздөөчүсү Чарли Кирк Utah Valley университетинин кампусундагы иш-чарада сүйлөп жаткан учурда куралдуу кол салууга кабылып, каза болгон.

Бейшемби күнү өткөн басма сөз жыйынында ФБРдин атайын агенти Роберт Болс курал катары шектелген мылтык табылганын билдирди. Анын айтымында, бул мылтык ок атышуу болгон имараттын чатырынан секирген соң, ок атуучу жашынып калган токойлуу аймактан табылган. Болс мындан тышкары, табылган курал лабораториялык экспертизага жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

CBS маалымат булактары билдиргендей, мылтык Mauser үлгүсүндөгү 30-06 калибрде болгон.

Криминалисттер шектүүнүн бут кийиминин изин, алаканынын тактарын жана билегинин издерин да табышкан. Юта штатынын Коомдук коопсуздук департаментинин комиссары Бо Мейсон билдиргендей, шектүүнүн университет кампусундагы жүрүм-туруму такталып чыккан. Анын айтымында, шектүү саат 11:52де кампуска келген. Андан соң тепчкич менен чатырга чыгып, ок атылган жайга чейин басып өткөн маршруту да аныкталган.