«Тун баласынан ажырап калган соң, балалуу боло албарын айтышкан». Казакстанда жубайлар 48 баланын ата-энеси

Казакстандын Костанай облусундагы жубайлар 25 жылдан бери бала асырап келишет. Азыр алардын үч өз  баласы жана кырк беш багып алган уул-кыздары бар экендигин Tengri Life жазды. 

Рустам Шүкүров менен Гуля Мансурованын үй-бүлөсүнүн тарыхы 90-жылдардын аягында башталган. Алар тун баласынан ажырап калышкан. Дарыгерлер мындан ары балалуу боло албарын айтышкан. Бүгүнкү күндө жубайлар 48 баланы тарбиялап жатышат, алардын үчөө өзүнүкү. Алар балдар үйүнө биринчи жолу 1998-жылы барышкан. Жубайлар балдар үйүнө 1 же 2 бала багып алуу үчүн барышып, 7 бала менен кайтышкан.

Азыр үй-бүлөнүн кичүүсү 3 жашта, улуусу 23 жашта. Мектепте 32 бала окуса, сегизи студент. Телеканалдын журналистинин айтымында, жубайлар мамлекеттен кошумча жардам сурашпайт, жөлөк пул гана алышат.

Рустам Шүкүров жеке ишкердик менен алектенип, өзүнүн жеке чарбасы бар, уулдары жардам беришет. Кыздар апасына үй жумуштарына жардам беришет.