Тунистик жаран кыз апасына жакпай калганы үчүн үйлөнүү тоюн токтотуп салган (фото)

Тунисте той учурунда болочоктогу жубайы апасына жакпай калганы үчүн күйөө бала тоюн токтотуп салган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, тойго чейин баланын апасы кыздын сүрөтүн гана көргөн. Тойдон жанынан көрүп, аны бою кыска жана түрү суук деп жактырган эмес. Апасынан сөзүнөн чыга албаган баласы тойду жарымынан токтотуп койгон.

Ара жолдо калган кыз социалдык баракчасына арыз-арманын айтып чыкккан. Ал тойго даярдык үчүн көп акча коротконун, аны колдой турган ата-энеси жок жетим экендигин билдирген. Ошондой эле болочок кайненеси баласын тойду токтотууга мажбур кылганына нес абалда болгонун жана окуядан кийин уялып элдин бетин карай албай жүргөнүн айткан.