«Дем алууга аба жок калды». Индиядагы таштанды полигону бир нече күндөн бери өрттөнүп жатат (сүрөт)

Индиянын Нью-Дели шаарынын четиндеги дүйнөдөгү эң чоң таштанды полигондорунун бири 3 күндөн бери өрттөнүп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты. 

Таштанды таштоочу жайдагы таштандылардын бийиктиги 17 кабаттуу имараттан ашып, аянты 50 футбол аянтчасына барабар. Чоң таштанды таштоочу жайдын өрттөнүшү бул аймактагы нормадан ашык ысыктан улам чыккан деп божомолдонууда. Бирок так себеби айтыла элек. 

Тургундар бир нече чакырымга созулган түтүнгө нааразы болушууда. Коюу түтүн айдоочуларга, жергиликтүү жашоочуларга терс таасирин тийгизип, дем жеткирбей жатат. Миңдеген жергиликтүү тургундар өрттүн жайылышын өз алдынча токтотууга аракет кылууда. Полигонду жабуу чечими мындан 10 жыл мурун кабыл алынган, бирок дагы эле күнүгө 2000 тоннадан ашык таштанды төгүлүүдө. Органикалык калдыктардын чиришинен улам күйүүчү газдын топтолушу пайда болушу мүмкүндүгү четке кагылбайт.