«Туугандары да бар». Түркиядагы 8 жаштагы кыздын сырдуу өлүмү боюнча 20дан ашык адам кармалды

Түркияда 8 жаштагы Нарин Гюрандын сырдуу өлүмүнөн кийин 20дан ашык адам кармалганын Haber Global жазды.

Маалыматка караганда, кыз Тавшантепе аймагында 3 жумадай мурун дайынсыз жоголгон. Ал диний курстан кийин үйүнө кайтпай калган. Башында үй-бүлө кызды өз алдынча издешкен, бирок жыйынтык чыкпай, полицияга кайрылган. Милиция иттер менен бир миңдеген унааларды текшерип, аймакта жашаган тургундарды суракка алган. Жекшемби күнү кыздын жансыз денеси суу жээгинен үстүнө бак жана таш ташталган абалда табылган. Учурда тергөө жүрүп жатат, аны өлкө бийлиги өзгөчө көзөмөлгө алды. Шектүү катары анын үй-бүлөсүндөгү бир нече адам аныкталган.

ЖМКлар жазгандай, кыздын апасы менен агасы WhatsApp жана телефондогу бардык жазышууларды өчүрүп салышкан. Түрк бийлиги жазышууларды калыбына келтирүү үчүн компанияга кайрылган. Алардын айтымында, жазышуу менен кыздын сырдуу өлүмүн аныктаса болот.

Буга чейин өлтүрүлгөн кыздын үй-бүлөсү журналисттерге анын өлүмү боюнча иликтөөнү маалымат каражаттарында чагылдырууга тыюу салса, Диярбакырдын Кылмыш соту тыюуну алып салган. Кылмыш иши боюнча 20дан ашуун адам кармалган. 

Milliyet гезитинин маалыматына караганда, кармалгандардын арасында Нариндин үй-бүлө мүчөлөрү да бар. Кыздын агасы, Тавшантепе айылынын аксакалы Салим Гюран 2-августта атайылап киши өлтүргөн деген айып менен камакка алынган, анткени анын унаасындагы ДНК үлгүлөрү кыздын ДНКсына дал келген.