Туулган күнбү же кудалашуубу? Өзбекстанда 7-класстын окуучусу менен видео тарап, талкуу жаратты

Өзбекстанда 7-класстын окуучусу кудалашкан делген тууралуу видео социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразылыгын жаратты. Резонанстан кийин балдардын акыйкатчысы бул ишти изилдеп чыкты. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Видеодон кыз эмне болуп жатканын түшүнбөй турганы көрүнүп турат. Ал эми анын жанындагы аял кызга болочоктогу кайненеси делген аял келгенде, кыздын колун көкүрөгүнө койдурат. Ал аял кыздын мойнуна чынжырча тагат. Зордук-зомбулукка каршы Nemolchi.uz долбоору кырдаалга биринчилерден болуп реакция кылып, ички иштер органдарына кыздын үй-бүлөсүнөн балага физикалык жана психологиялык зомбулуктун бар-жоктугун текшерүү өтүнүчү менен кайрылган жана балдар акыйкатчысынын кеңсесине кайрылган.

Окуя болгон жерге Балдар акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери барып, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Маалым болгондой, окуя Кашкадарыя облусунун Көкдала районунда болгон. Кыздын ата-энеси видеодо анын кудалашуу аземи эмес, туулган күнү тартылганын айтышкан. Алар ошондой эле кеңсе кызматкерлерин кызын окутууну пландап жатканын жана аны эрте турмушка берүү ниети жок экенине ишендиришкен. 

Кыздын ата-энесине никеге туруу курагы же нике кыюунун тартиби жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн, ошондой эле никеге турууга мажбурлаганы үчүн жоопкерчилик бар экени эскертилген.