Твиттер Дональд Трамптын жеке баракчасын биротоло жаап салды

Твиттер АКШнын президенти Дональд Трамптын аталган социалдык тармактагы жеке баракчасын биротоло жаап салды. Бул тууралуу аталган компания билдирүү таратты.

“@realDonaldTrump аккаунту жакынкы аралыкта жазган билдирүүлөрдү кылдаттык менен карап чыктык. Анда элди зомбулукка чакыруу коркунучу жогору болгондуктан, аталган аккаунтту биротоло жаап салууну туура көрдүк”, — деп жазылат компаниянын билдирүүсүндө.

Буга чейин шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийге кирип барышкан. Нааразычылык акциясынан кийин Трамп видеокайрылуу жасап, анда шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып, өз тарапташтарын үйгө кайтууга чакырган. Видеону Твиттер дезинформация бар деп белгилеп, аны бөлүшүү жана ага лайк басуу функциясын өчүрүп койгон. Социалдык тармактарда өзгөчө активдүү болгон Трамптын Фейсбук, Инстаграм, ошол эле Твиттер социалдык тармагындагы баракчалары, Ютубдагы каналы да 24 саатка билдирүү же видео чыгаруу укугунан ажыратылган.