Твиттер, Фейсбук, Инстаграм, Ютуб Трамптын «оозун жаап койду»

АКШнын Конгресси атайын жыйында Жо Байдендин президенттик шайлоодо утуп чыкканын бекитти. Анын атаандашы Дональд Трамптын шайлоонун жыйынтыгына каршы чыгып, талашуусунан майнап чыккан жок. Конгресстин бул жыйыны Өкүлдөр палатасы жана Сенаттын мүчөлөрү менен чогуу кечээ, 6-январда өтүшү керек эле. Бирок Трамптын тарапташтары Капитолийге бастырып кирүүсү менен жыйын үзгүлтүккө учураган.

Соңку маалыматтарга караганда, жогорудагы башаламандыкта каза болгондордун саны өсүп, 4 кишини түздү. Вашингтондун полиция кызматынын башчысынын айтымында, каза болгон 4 адамдын бири полиция кызматкеринин огунан жан берген. 14 полиция кызматкери жаракат алып, башаламандык учурунда 50дөн ашуун киши кармалган. Нааразычылык акциясынан кийин Дональд Трамп видеокайрылуусунда шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып, өз тарапташтарын үйгө кайтууга чакырды. Ушул эле видеону Твиттер дезинформация бар деп белгилеп, аны бөлүшүү жана ага лайк басуу функциясын өчүрүп койду. Социалдык тармактарда өзгөчө активдүү болгон Трамптын Фейсбук, Инстаграм, ошол эле Твиттер социалдык тармагындагы баракчалары, Ютубдагы каналы да 24 саатка билдирүү же видео чыгаруу укугунан ажыратылды.