Твиттер Трамптын аккаунтун биротоло жаап салган соң компаниянын акцияларынын баасы түшүп кетти

Твиттер АКШнын президенти Дональд Трамптын аккаунтун биротоло жаап салган соң аталган компаниянын акцияларынын баасы 7 пайыздан ашык суммага түшүп кетти. Тактап айтканда, мурунку жумада акциянын баасы 51,48 долларды түзсө, бүгүнкү күндө 47,73 долларды түзүүдө.

Буга чейин шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийге кирип барышкан. Нааразычылык акциясынан кийин Трамп видеокайрылуу жасап, анда шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын айтып, өз тарапташтарын үйгө кайтууга чакырган. Видеону Твиттер дезинформация бар деп белгилеп, аны бөлүшүү жана ага лайк басуу функциясын өчүрүп койгон. Көп өтпөй, “элди зомбулукка чакыруу коркунучу жогору” деген негизде аталган компания Трамптын аккаунтун биротоло жаап салган.