Twitter логотибин жана атын өзгөрттү

Twitter социалдык тармагы логотибин жана аталышын өзгөрттү. Бул тууралуу Tengri Life жазды.

Ушундай эле аталыштагы платформадагы расмий Twitter аккаунту өзүнүн атын «X» деп өзгөртүп, ошондой эле аватарда кадимки эле көк фондо чымчыктын ордуна кара логотип менен ак «Х» тамгасын коюшту. 

Твиттердин ээси, америкалык миллиардер Илон Маск буга чейин өзүнүн профилинде компаниянын башкы кеңсесинин түнкү сүрөтүн бөлүшкөн — имарат жаңы логотип менен өзгөчөлөнүп турган.