Түндүк Корея 2 жаштагы баланы өмүр бою эркинен ажыраткан

«Түндүк Кореяда 2 жашар бала саясий лагерде өмүр бою эркинен ажыратылган. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү дин эркиндиги боюнча баяндамасында айтылат» деп билдирет Fox News.

Документке ылайык, баланын ата-энесинин үйүнөн библия табылган, бул жазага себеп болгон. Окуя 2009-жылы болгон, бирок ал тууралуу жакында эле белгилүү болгон.