Түндүк Корея Түштүк Корея менен бириктирген жолду жардырды

15-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Түштүк жана Түндүк Кореяны бириктирген жолдорду жардырышты.

Маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Түндүк Корея эки өлкөнүн аймактарын толугу менен ажырата турганын эскерткен. Пхеньян кошумчалагандай, кокустан чыр-чатактарды болтурбоо үчүн алар америкалык аскерлерге пландары тууралуу маалымат беришкен.

Буга чейин Түндүк жана Түштүк Кореяны автомобиль жана темир жолдор байланыштырып турган. Мурда алар эки өлкөнүн кызматташтыгынын символу болуп келген.