Түндүк Кореяда 2 өспүрүм дорама көргөнү үчүн 12 жылга кесилди (видео)

Би-Би-Си Түштүк Кореянын сериалдарын көргөн деп айыпталган 16 жаштагы эки өспүрүмдүн Түндүк Кореядагы ачык сот процессинин видео тасмасын жарыялады. Видеого караганда, алардын ар бири 12 жылдан оор жумуш кылганга кесилген.

Болжол менен видео 2022-жылы тартылган. Анда ачык асман алдындагы стадионго чогулган бир нече жүздөгөн жогорку класстын окуучуларынын алдында эки өспүрүмдүн колуна кишен салынып турганын көрүүгө болот.

Алар Түштүк Кореянын тасмаларын жана видеолорун көрүп, тараткан деп айыпталган. Алар «чет элдик маданиятка азгырылып, жашоосун бузушту» деп айтылат.