Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын түндүк кореялыктарга хот-дог жегенге тыюу салып, ажырашууну пландап жаткан жубайларды түрмөгө отургузууну буйруду. Бул тууралуу Daily Mail жазды.
Маалыматка караганда, популярдуу фаст-фудду батыштыкы деп атап, тамакты берүү эми чыккынчылык катары караларын айтат. Өлкө будэ-ччигэ тамагын да сатууга тыюу салган. Бул корей калемпир пастасы, кимчи, америкалык спам, буурчак жана колбаса менен жасалган ачуу корей-америкалык тамак.
Эми ажырашууну каалаган жубайлар 6 айга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Анткени ажырашуу “антисоциалисттик” аракет катары каралат. Басылманын маалыматына караганда, аялдар эркектерге караганда узак мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Буга чейин физикалык зомбулукка кабылган учурда да ажырашууну демилгелеген тарап гана жазаланчу. Түндүк Кореяда ажырашуулардын деңгээли COVID-19 учурунда көбөйгөн. Карантиндик чектөөлөр үй-бүлөлөрдү каржылык жактан кыйынчылыкка учураткан.