Түндүк Кореяда алгачкы жолу ковид катталды

Түндүк Кореяда 3 жылдан соң алгачкы жолу ковид катталганы маалымдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Абалга байланыштуу аталган өлкөнүн лидери Ким Чен Ын вирустун жугуу жолдорунун алдын алып, «күтүлбөгөн кризисти» жеңерине ишендирген. Маалыматка ылайык, 8-май күнү бир нече адам калтырап-титиреген симптомдор менен ооруканага кайрылып, анализдеринин жыйынтыгы «омикрон» штаммын аныктаган. Андан соң чукул арада бийлик өкүлдөрү өлкөгө өзгөчө кооптуу абал режимин жарыялашкан.

Пандемия учурунда Түндүк Кореяда расмий түрдө бир дагы ирет ковид вирусу катталган эмес. 2020-жылы январь айында жарандары жана чет өлкөлүктөр үчүн чек араны толук жаап салышкан.