Түндүк Кореяда көз айнек тагынып, жынсы кийгендерге өлүм жазасы киргизилет

Түндүк Кореянын өкмөтү өлүм жазасы каралган кылмыштардын тизмесин көбөйттү. Ошентип, ак үйлөнүү үлпөт көйнөк, көк жынсы шым же көз айнек кийүү үчүн катуу жаза колдонулат. Бул тууралуу Yonhap билдирди.

«Жаңыланган кодекстердин алкагында өлүм жазасы каралган жаңы кылмыштар кошулду, анын ичинде мамлекетке каршы үгүттөө, ошондой эле куралды мыйзамсыз өндүрүү жана колдонуу»,- деп жазат басылма.

Буга чейин Түндүк Корея өлкөнүн түндүк-батышындагы суу ташкындарынан улам 20дан ашуун аткаминерди өлүм жазасына тарткан. Маалымат каражаттарынын жазышынча, өлүм жазасына аткаминерлердин жаратылыш кырсыгынан келтирилген зыяндын алдын ала албаганы себеп болгон.