Түндүк Корея аткан ракета Япониянын үстүнөн учуп өтүп, Тынч океанына түштү. Бул тууралуу Reuters агенттиги Япониянын коопсуздук кызматына таянуу менен билдирди.
Болжолдуу сөз баллистикалык континенттер аралык ракета жөнүндө болуп жатат. Жергиликтүү TV Asahi телеканалы өкмөттөгү булакка таянып кабарлагандай, снаряд Япониядан 3000 чакырым алыстыкта түшкөн. Кулаган жери так айтылган эмес.
Аймактагы кемелерге ракетанын урандыларына жакындабоого кеңеш берилди. Кемелерге жана учактарга келтирилген зыян тууралуу маалымат жок. Япон өкмөтү бул окуяга байланыштуу Кореяга нааразылык билдирген.