Мексикада 34 жаштагы орусиялык аял жергиликтүү юристтен төрөгөн 6 жаштагы уулун ачкачылыктан өлтүргөн. Бул тууралуу SHOT жазды.
Маалыматка караганда, аял Жаңы жылдын алдында клубга «иштегени» кетип, баласын үйдө жалгыз таштап кеткен. Үйдөр чыгар алдында апасы дарыгерлерди чакырып, баласынын абалы начар экенин айткан. Ачка жаткан баланы дарыгерлер 31-декабрда табышкан.
Алар баланы ооруканага жаткырууга алып жөнөшкөн, бирок ал ооруканага жетпей каза болгон. Ольга полицияга чакырылып, ал испан тилин жакшы билбестигин айтып, көрсөтмө берүүдөн баш тартып, андан соң такыр качып кеткен. Учурда полиция аялды издеп жатат.
Буга чейин, аял бир нече жолу баланын атасы жардам бербей турганын жазып чыккан.