«Түрк аба жолдорунун» төрагасын митингдер учурунда кызматкерлерин Алматыда калтырып, өзү Түркияга кайтып келгени үчүн кызматтан алышты

«Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын төрагасы Илкер Айжыны митингдер учурунда кызматкерлерин Алматыда калтырып, өзү Түркияга кайтып келгени үчүн кызматтан алышты. Бул тууралуу казак басылмалар жазышты.

Январь айынын башында орун алган башаламандыкта «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Илкер Айжы менен анын жубайы Түгче Саатман Казакстанда болгон. Алар 7-январда авиакомпаниянын кызматкерлерин Казакстанда калтырып коюп, өздөрү жүк ташыган учак менен Түркияга кайтышкан. «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын кызматкерлерин, башка менчик аба ташуучулардын айрым жумушчуларын жана Түрк жарандарын Алматыдан 11-январда гана эвакуациялоого мүмкүн болгон. Кызматкерлерин калтырып, компания жетекчисинин мекенине кайтып келүүсү түрк коомчулугунда сынды жаратып, ал 28-январда отставкага кетерин жарыялаган эле.