Түрк ЖМКлары: «Фетхуллах Гүлен АКШда каза болду»

Фетхуллах Гүлен АКШда каза болгонун түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек. Ал арада социалдык түйүндөрдө түрк оппозициясынын лидери ууландырылды деген пикирлер айтыла баштады.

Түрк бийлигинин айтымында, 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында Гүлен жана анын тарапташтары турган. Гүлендин тарапташтары бул дооматты четке кагып келет. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндөгү Гүлен мектептери жабылган. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде мектептерди жабуу өтүнүчүн ачык четке каккан.