Түрк президентин шайлоо 2-турга калышы мүмкүн

Түркияда президенттик жана парламенттик шайлоолордо добуштарды саноо аяктап баратат. Учурда бюллетендердин 98,3 пайызы саналып бүтүп, жыйынтыгында талапкерлердин бири дагы 50 пайыз добуш ала албай жатат.

Добуштардын жыйынтыгы боюнча учурдагы президент Эрдоган 49,3% добушка ээ болду. Оппозициялык талапкер Кылычдароглы 45% добушка ээ болду.

Президентти шайлоо 2-турга калышы мүмкүн. Ыктымал болгон шайлоонун 2-туру 28-майда өтөт.