Түркиянын Балыкесир шаарындагы Кареси районунда жардыргыч заттарды чыгаруучу заводдо жарылуу болду. Жарылуудан 12 адам каза болуп, 5 адам жаракат алган.
Түрк ЖМКлары жазгандай, жарылуунун себеби азырынча белгисиз. Ички иштер министри Али Ерликая жарылуудан кийин издөө-куткаруу, медициналык жана өзгөчө кырдаалдар кызматкерлери окуя болгон жерге кыска убакыттын ичинде келгенин айтты. Ерликая окуяга байланыштуу тергөө, иликтөө иштери башталганын белгиледи.
Жабыркагандардын абалы жакшы экенин айткан министр, жарылуунун кесепетинен 12 адам каза болгонун айтты. «Жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз. Каза болгон мекендештерибиздин үй-бүлөлөрүнө, Балыкесирдеги бардык мекендештерибизге көңүл айтабыз», — деди Ерликая.
«Жаракат алган 5 жаран ооруканага дарыланууга жеткирилди», — деп жазды Саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемишоглу.
Балыкесирдин губернатору Исмаил Устаоглу өз билдирүүсүндө жарылуу саат 08:25те болгонун, көп өтпөй бригадалар дароо аймакка жөнөтүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, кырсык болгон учурда заводдо 17 жумушчу болгон. Жарылуу техникалык себептен болушу мүмкүн экенин айткан Устаоглу дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. «Имарат гана урап түштү», — деди ал.