Түркия Ирактын түндүгүндө аскердик операциясын баштады

Түркия Ирактын түндүгүндө (Метина, Зап жана Авашин-Басян деп аталган аймактарда) Күрдистан жумушчу партиясына каршы аскердик операция баштады. Бул тууралуу «Центральная Азия» жазып чыкты. 

Өлкө бул кадамын Ирактын түндүгүнөн түрк калкына жана коопсуздук күчтөрүнө каршы багытталган террордук кол салууларды алдын алуу деп түшүндүрдү. 

Операциядан мурда учактар ​​казарма, баш калкалоочу жай, үңкүр, туннел жана уюмга таандык лагерлерден турган буталарды бомбалады. Анын жүрүшүндө экологияга, жарандарга, тарыхый-маданий объектилерге зыян келтирбөө үчүн бардык чаралар көрүлгөнү айтылды. «Бул операция террорчуларга гана багытталган», — деп жазылат Түркиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.