Түркия жер титирөөдөн улам экономикага келтирилген зыянды эсептеп жатышат

Түркия жер титирөөлөрдүн кесепетинен өлкө канча чыгымга учураганын эсептеп чыкты.

Turkonfed божомолуна ылайык, жер титирөөлөр турак жайларга 70,8 миллиард долларга жакын зыян келтирип, бюджеттин кирешесинин азайышынан дагы 10,4 миллиард доллар кем болот. Мындан тышкары уюм жумушчу күчүн жоготуу түрк экономикасына 2,9 миллиард доллар чыгым алып келерин билдирди. Түркиянын инфраструктурасына, анын ичинде жолдорго жана электр тармактарына, ошондой эле ооруканалар менен мектептерге келтирилген зыян өлкөнүн бюджетинин таңсыктыгын жаратат деп божомолдонду.

Ошол эле учурда жер титирөөлөрдүн кесепеттерин эсептөөгө али эрте болгондуктан, бул эсептөөлөрдү акыркы деп эсептөө мүмкүн эместиги белгиленет.