Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 4800дөн ашты

Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 4800дөн ашты. Анын ичинен Түркияда 3381 киши набыт болсо, 20 миңден ашуун адам жаракат алган, ал эми Сирияда 1444 киши каза болсо, 3530 адам жаракат алды.

Зилзаладан улам ураган үйлөрдүн астынан бардык адамдар чыгарыла элек.