Түркия менен Сирияда кайрадан 7,8 баллдык жер титирөө болду

Түркиянын борбордук бөлүгүндө кайрадан жер титирөө катталды. Анын күчү 7,8 баллды түздү.

Жер титирөө өлкөнүн борбору Анкарада да сезилгенин Yeni Safak кабарлады. «Дагы бир жер титирөө саат 13:23тө болуп, жер титирөөнүн күчү 7,8 баллга жеткен, очогу Кахраманмараш облусунун Элбистан району», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейинки Кахраманмараш провинциясынын Элбистан шаарындагы жер титирөөнүн күчү 6,3 баллга жеткен.