6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 23 миңден ашты. Бул тууралуу BBC жазды.
Миңдеген имараттар урандыга айланды, он миңдеген үй-бүлөлөр үй-жайсыз калды. Куткаруу иштери уланууда.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 20 213 адам каза болсо, Сирияда 3 500 адамдын сөөгү табылды.