Түркия менен Сириядагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 17 миңден ашты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жер титирөөдөн каза болгондор жана жабыркагандар боюнча акыркы маалыматтарды жарыялады. Каза болгондордун саны — 14 014, жаракат алгандардын саны — 63 794. Сириядагы курмандыктар менен бирге каза болгондордун саны 17 миңге жетти. Бул тууралуу ТРТ билдирди. 

«Учурда каза болгондордун саны 14 миң 14кө жетип, 63 794 адам жаракат алган. 6 миң 444 имарат талкаланды», — деди Эрдоган жер титирөөдөн жабыркаган Газиантеп шаарында өткөн маалымат жыйында. Сирияда каза болгондордун жалпы саны кеминде 3 миң 162 адам.