1-июндан баштап Түркияга кирүүдө ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүү зарылчылыгы жок. Бир күн мурун өлкөдө ооруканаларды кошпогондо, коомдук жайларда милдеттүү түрдө беткап тагынуу да жоюлду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКлары жазып чыгышты.
Министрлик мындай чечимди коронавирус боюнча учурдагы кырдаалга баа бергенден кийин кабыл алды.
Кыргызстанда 2022-жылдын 1-майынан тарта терс ПЦР-тест тапшыруу талабы жокко чыгарылган.