Түркияда 42 жаштагы аял 222 саат урандынын алдында жаткан. Аны чыгарган куткаруучулардын реакциясы (видео)

Түркияда урандылардын астында дээрлик 10 күн жаткан 42 жаштагы аял куткарылганын Анадолу басылмасы жазды. 

Түрк куткаруучулары 42 жаштагы аял Мелике Имамоглуну урандылардын астынан аман алып чыгышты, ал Кахраманмараш шаарында урап түшкөн үйдүн урандыларынын астында 222 саат жатты. Басылманын Твиттердеги баракчасына видео жарыяланып, анда аялды куткаруучулардын реакциясы чагылдырылган.