Түркияда автобус кырсыгынан 7 адам каза болуп, 33 адам жаракат алды

Түркиянын борборундагы Аксарай шаарында туристтерди ташыган автобус тосмону сүзүп, оодарылып кетип, анын кесепетинен 7 адам каза болуп, 33ү жараат алды. Бул тууралуу Түркиянын ички иштер министри Али Йерликая билдирди.

Экскурсиялык автобус Балыкесирден Кападокиянын атактуу туристтик аймагы жайгашкан Невшехир провинциясына сапар тарткан.

Унаанын ичинде жалпысынан 41 жүргүнчү, эки айдоочу жана бир гид болгон. «Тилекке каршы, кырсыктын кесепетинен жети жараныбыз каза болуп, 33 жараныбыз ар кандай жаракаттарды алып, алардын экөөсү оор жаракаттарды алышкан», — деди ИИМ башчысы.