Түркияда автобус оодарылып, 14 киши көз жумду

Түркиянын түндүк-батышындагы Балыкесир провинциясында автобус оодарылып калган. Кырсыктан 14 адам каза болгон. Алардын 11и жеринде, үчөө ооруканада көз жумган. Бул тууралуу Лента.ру жазып чыкты.

Дагы 18 адам шаардын беш ооруканасына жаткырылган. Автобус Эдремит шаарына бет алган. Окуя болгон жерде иликтөө иштери жүрүп жатат, окуянын чоо-жайы такталууда.

Бул Түркияда бир жуманын ичинде экинчи автобус кырсыгы. Дүйшөмбү, 2-августта Анталия провинциясында Орусиядан келген туристтерди ташыган туристтик автобус оодарылып кеткен. Үч адам каза болуп, 16 жүргүнчү жаракат алган.