Түркияда аял күйөөсүнүн оозу жыттанганы үчүн сотко берип, ажырашты

Түркияда аял жуунбаганы жана тиштерин да чанда жууганы үчүн күйөөсү менен ажырашты. Жогорку Сот аны мурдагы аялына 16 500 доллар өлчөмүндө компенсация төлөп берүүгө милдеттендирди. Бул тууралуу Sabah гезити жазды.

Анкара шаарынын тургунунун айтымында, эркек өздүк гигиенанын эрежелерин сактоону токтоткон: ал тиштерин 1 аптада бир нече гана жолу жууп, бир нече жума бою кийимин алмаштырган эмес. Бул анын ачуусун келтирип, мындан ары чогуу жашоого көзү жетпей, ажырашууга арыз берген. Аялдын койгон дооматын сотто жубайлардын достору жана кесиптештери ырастап берген. Алар соттук отурумда эркек киши менен бир кабинетте отуруп иштөө мүмкүн эместиги, андан сасык жыт чыгып турарын айтышкан. Жыйынтыгында сот кишини күнөөлүү деп таап, 500 миң лир (16,5 миң доллардын тегереги) айып пул салган.