Түркияда эне 23 жаштагы кызы менен эки кичинекей небересин атып өлтүрүп, өзү да көз жумду

Иллюстрация

Анкара шаарында эне уруштан улам 23 жаштагы кызын жана эки небересин мылтык менен атып өлтүргөн. Бул тууралуу аталган шаардын полиция кызматынан билдиришкен.

Маалыматка караганда, окуядан кийин аял ошол эле мылтык менен өзүн-өзү атып салган. Эне кызынын урушунун себептери белгисиз. Мылтык аялдын күйөөсүнө таандык экендиги белгилүү болду. «Тез жардам тобу жүргүзгөн экспертизанын жүрүшүндө Өзнур Айдын, кызы Мерьем Аксак жана неберелери Мерве Аксак (1 жашта) жана Өмер Исмаил Аксак (2 жашта) каза болгондугу аныкталды», — деп айтылат мааламатта.