Түркияда Instagram бөгөттөлдү

Түркияда Технология жана байланыш кеңешинин чечими менен Instagram’га кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу ТАСС билдирди.

Бөгөттөөнүн себептери жана узактыгы азырынча айтыла элек. Социалдык тармак жума күнү эртең менен мобилдик түзмөктөрдөн да, компьютерлерден да жеткиликсиз болуп калды.

ЖМКлар мындай чечим Иранда ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө байланыштуу Инстаграмда көңүл айтууга бөгөт коюуга байланыштуу кабыл алынганын божомолдошууда.