Түркияда жер катуу силкинерин, атүгүл баллына дейре так үч күн мурда эле сейсмолог Франк Хогербитс алдын ала айткан.
«Эртеби же кечпи бул аймакта (Түркиянын түштүгү, Иордания, Сирия, Ливан) күчү 7,5 баллдын тегерегин түзгөн жер титирөө болот», — деп жазган ал Твиттердеги баракчасына 3-февралда.
Сейсмологдун жогорудагы билдирүүсү учурда 63 миңден ашуун жолу бөлүшүлүп, 42 миллиондон көп кароо топтоду.
Sooner or later there will be a ~M 7.5 #earthquake in this region (South-Central Turkey, Jordan, Syria, Lebanon). #deprem pic.twitter.com/6CcSnjJmCV
— Frank Hoogerbeets (@hogrbe) February 3, 2023