Түркияда жер титирөөдөн кыйраган турак жай комплексинин архитектору кармалды

Түркиянын Антакья шаарында (Хатай провинциясы) жер титирөөдөн кыйраган 12 кабаттуу «Ренессанс» турак-жай комплексинин курулушунун подрядчысы Мехмет Яшар Кошкунду кармалды. Бул тууралуу РБК билдирди.

Аны Стамбулдун аэропортунан ири суммадагы акча жана Черногорияга сатып алган билети менен кармашкан.

6-февралда Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепетинен комплекс толугу менен талкаланган. Жер титирөөдөн кийин жарыяланган кадрларга караганда, имарат бир капталына оодарылып, жанындагы имараттарды басып калган. Анын урандыларынын астында, куткаруучулардын айтымында, миңге чейин адам болушу мүмкүн.