Түркияда жол кырсыгынан 12 адам каза болду. Окуянын чоо-жайы

Түркиянын Йозгат шаарында жүргүнчү ташыган автобус оодарылып, 12 адам каза болуп, 19 адам жаракат алды.

Автобус Сивас — Стамбул каттамы менен бара жаткан. Айдоочу Мюкремин кесилишине жакын жерде рулду башкара албай, каршы тилкеге ​​өтүп кетип, 30 метрлик темирди сүзгөн.

Белгиленгендей, 11 адам ошол жерден каза болуп, дагы бир адам ооруканага жеткирилгенден кийин куткарып калууга мүмкүн болгон эмес. Ошондой эле Йозгат жана Соргун аймактарындагы ооруканаларга жеткирилген 19 жабырлануучунун биринин абалы оор экени белгилүү болду.