Түркияда жолбун ит өлүп бара жаткан күчүгүн ветеринарга алып барды (видео)

Стамбулда жолбун ит өлүп бара жаткан күчүгүн тиштеп алып, ветеринардык клиниканын эшигине алып барган. Бул тууралуу SHOT жазды.

Маалыматка караганда, окуя Бейликдүзү аймагында болуп, видеокөзөмөлгө жазылып калган. Күчүктү ветеринарлар көрөрү менен жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Ит бир мүнөткө да күчүгүнүн жанынан кеткен эмес.

Ветеринарлар ыкчам аракетинин жана комплекстүү дарылоонун аркасында күчүктү өлүмдөн алып калышкан. 

Жаныбарларга жардам берген жергиликтүү ыктыярчылар жакын жерден дагы бир күчүктү — куткарылып калган күчүктүн «бир тууганын» табышкан. Учурда алардын баары адистердин көзөмөлүндө.