Түркияда кайрадан жер титиреди

Түркиянын чыгышында жайгашкан Малатья шаарынан 8 чакырым түштүк-батышта күчү 5,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайтында маалымдалды.

Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:04тө катталган. Жер титирөөнүн очогу Йешилюрт округунда 6,9 чакырым тереңдикте болгон. Кыйроолор тууралуу азырынча маалымат жок.