Түркияда кайрадан жер титиреп, жер көчкүнү жаратты (видео)

Түркиянын Кайсери провинциясында күчү 4,7 баллга жеткен жер титирөө болгонун Anadolu жазды.

Түркия өкмөтүнө караштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгынын маалыматына караганда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:47де катталган жер титирөөнүн очогу Инжесу аймагында жайгашкан.

Жер титирөөнүн очогу 12,8 чакырым тереңдикте болгон. Түркиянын Telegram-каналдарынын маалыматына караганда, Кайсери провинциясында болгон жер титирөөлөрдөн улам жер көчкү жүргөн.