Түркияда кайрадан күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Түркиянын Кахраманмараш провинциясында күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу 23-мартта Түркия өкмөтүнө караштуу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу башкармалыгы билдиргенин Haberturk жазды.

«Кахраманмараш провинциясынын Гөксүн районунда саат 12:19да (жергиликтүү убакыт боюнча) күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды», — деп айтылат маалыматта.

Жер титирөөнүн очогу 7 чакырым тереңдикте болгон.

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында 6-февралда күчү 7,7 жана 7,6 баллга жеткен жер титирөөлөр болду. Жер титирөө өлкөнүн 11 провинциясында жана коңшулаш мамлекеттерде, анын ичинде Сирияда да сезилген. Түрк бийлиги 50 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөөнү “кылымдын катастрофасы” деп атаган.