Түркиянын айрым аймактарында абанын температурасы -15 градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрдү. Айрым жерлерде акыркы 30 жылдагы эң суук аба ырайы катталганын айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмакли билдирди.
Анын айтымында, бул айыл чарбага 2014-жылдын ызгаарынан берки эң оор соккулардын бири болуп саналат. Эң көп зыянга өрүк, шабдалы, алча, кара өрүк, ошондой эле жаңгак жана жүзүм учурады. Түшүмдөрүн сактап калууга аракет кылып, кээ бир дыйкандар бак-дарактарды жана бадалдарды үшүктөн коргоо үчүн бакчаларда от жагышкан.
Түркияда абанын температурасы 17-апрелден тарта көтөрүлөт.