Түркияда киши сүйүктүүсүн 24 жылдан бери аялдамада күтүп келет

Түркиянын Синоп шаарынын Боябат районунун тургуну Эжевит Окүзжу сүйүктүүсүн 24 жылдан бери жол жээгиндеги аялдамада күтүп жүргөнүн Haber7 порталы жазды. 

Сүйүктүүсү экөө эмне үчүн эки жолго түшкөнү айтылган эмес. Маалыматка караганда, 48 жаштагы киши дээрлик чейрек кылымдан бери сүйүктүүсүн кайра көрүүнү үмүт кылып, жол жээгиндеги аялдамага бара берет.

«Эжевитти жалгыз калтырбайлы, ары-бери өткөндө токтоп, тамак-аш, сууга таштап кетип туралы. Мен муну дайыма кылам жана сыймыктанам», — дейт жүк ташуучу унаанын айдоочусу Севга Алтынал.

Haber7 жазгандай, Эжевиттин окуясы аялдын жүрөгүн элжиреткен. Ошол үчүн ал ага жаан-чачындан коргонуу үчүн контейнерден жасалган үй берген.